ЮНЕСКО Жакынкы Чыгыштагы алты тарыхый эстеликти жоголуу коркунучунда турган объекттердин тизмесине киргизди. Бул чечим аскердик аракеттердин натыйжасында эстеликтердин талкалануу коркунучунан улам шашылыш жол-жобонун алкагында кабыл алынды. Бул тууралуу Al Jazeera маалымдады.
Тизмеге кирген эстеликтер:
- Себастия (Иордан дарыясынын батыш жээги) — азыркы Наблус шаарынын жанында жайгашкан археологиялык калдыктар Темир доорунан (Израил падышалыгынын борбору) ислам башкаруусуна чейинки мезгилдерди камтыйт. Палестина тарабы Израилдин улуттук парк түзүү үчүн коңшу жерлерди экспроприациялоо пландарынан коргоону талап кылат.
- Ливандын беш чеби — өлкөнүн түштүгүндөгү Амел тоосунун аймагында жайгашкан, алардын ичинде орто кылымдагы Бофор (Бофорт) чеби да бар. Май айынын аягында Израилдин Коргоо министри Исраэль Кац чеп ЦАХАЛдын көзөмөлүндө экенин билдирген.
Израилдин реакциясы
ЮНЕСКОнун бул чечими Израилдин Тышкы иштер министрлигинин кескин реакциясын жаратты. Ведомство объекттерди тизмеге кошуу чечимине каршы чыгып, мындай аракеттер «бул жер менен болгон жөөт байланышын өчүрүүгө» багытталганын билдирди. Израил тарабы ливандык чептерди «Хезболла» тобу аскердик максатта колдонуп жатат деп ырастады. Бирок, ЮНЕСКОдогу Ливандын делегаты бул айыптоолорду четке какты.



