Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын башынан бери өлкөдө 651 чакырым жол толук асфальтталган.
Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 265 чакырымга көп, ал кезде 386 чакырым жол асфальтталып бүткөн.
Министрлик республика боюнча жолдорду куруу жана оңдоону улантып, долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөйт.













