Турдакүн Усубалиев атындагы Эски аянтта өлкөнүн аймактык саламаттыкты сактоо уюмдарына 73 тез жардам унаасын тапшыруу салтанаты өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, жаңы унааларды региондордогу медициналык мекемелердин өкүлдөрүнө өзү тапшырды.
Жаңы келген унаалар чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн керектүү бардык жабдыктар менен жабдылган. Бул унаалар алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын алкагында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен сатып алынган.
Унаалардын бөлүштүрүлүшү
Тез жардам унаалары өлкөнүн бардык региондорундагы медициналык уюмдардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:



















