«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын «Түштүк бөлүм» филиалы Кашкар-Кыштак айылындагы көмүр жүктөөчү складды жабдуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну сатып алууга жарыя берди. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында 2026-жылдын 3-ноябрында билдирилген.

Сатып алуунун болжолдуу суммасы 3,6 миллион сомду түзөт. Долбоор Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында, Рабочедехкан көчөсү, 1 дарегиндеги темир жол станциясынын жанында жайгашкан эки ачык аянтчаны камтыйт.

Аянтчалардын мүнөздөмөсү

5 4781-жолдогу аянтчанын аянты (м²)
287 804жылына сакталган көмүр (тонна)
9 1204-жолдогу аянтчанын аянты (м²)
328 053жылына сакталган көмүр (тонна)

Техникалык тапшырмага ылайык, долбоордун алкагында эки аянтчанын тегерегине чаңдан коргоочу тосмолор орнотулат. Ошондой эле жаан-чачын сууларын чыгаруу үчүн эңкейүүсү бар катуу каптама түзүлөт жана алардын кабыл алуучуларын жабдуу каралат.

Мындан тышкары, аймакта автотранспорт жана жүктөөчү техникалардын жүрүүсү үчүн жолдор түзүлөт. Чаңды басуу жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлүп, IP65 деңгээлинде корголгон жарыктандыруу системасы орнотулат.