Кыргызстандын дыйкандарына айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн лизинг аркылуу техника берип баштоо иштери ийгиликтүү жүрүүдө. Акыркы беш жыл ичинде техникаларды лизингге берүү боюнча акчалай операциялардын көлөмү жыл сайын 35–40%га, ал эми техникалардын саны 25–30%га өсүп келген.

13 000+техниканын саны
36,8 млрджалпы сумма (сом

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Беларусьга жасаган иштик сапары учурунда ушул маалыматтарды бөлүшүүдө. Ал Кыргызстанда машиналык-трактордук парктын жаңыланышы жана өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү техника менен камсыздоо максатында мамлекеттик чаралар ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Беларусь менен кызматташтык жана жаңы завод

Эрлист Акунбеков Минский трактордук заводуна (МТЗ) барып, аталган ишкананын атайын техникаларды чогултуу жана өндүрүү боюнча Кыргызстанда завод куруу долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулаган. Мындан тышкары, делегация «Белнефтехим» мамлекеттик концерни менен жолугушуп, аталган ишканалардын продукциясын Кыргызстанга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн караштырган.