Ак-Суу районундагы К. Бакашев атындагы балдар билим берүү борборунун «Компьютердик сабаттуулук» ийримдин окуучусу Алтынбек Садыбакасов республикалык деңгээлдеги «IT навигатор Кыргызстан» онлайн-олимпиадасында жеңүүчүлөрдүн катарына кирди.
Бул ийримдин жетекчиси Нургүл Тогузбаеванын маалыматы боюнча, учурда 5-классты окуган Алтынбек Каракол шаарындагы мектептердин биринде билим алып жатат. Ал компьютердик билимдерин тереңдетүү үчүн аталган борбордогу курстарга эки жылдан бери катышып келет.
Олимпиаданын башында Алтынбек тесттик суроолордун 100%ын туура жооп берген. Ал компьютерден сырткары англис тили курстарын жана футбол секциясын да жигердүү менен барып, ар тараптуу өнүгүүгө умтулууда.









