Атмосфералык абанын булганышы дүйнө жүзүндө адам ден соолугу үчүн эң чоң экологиялык коркунуч болуп саналат. Бул маселе жүрөк-кан тамыр жана өпкө ооруларынын, анын ичинде жүрөктүн ишемиялык оорусу, инсульт, астма, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу жана деменциянын көбөйүшү менен түздөн-түз байланыштуу.
Абанын сапатынын начарлашы көбүнчө тез урбанизациялоо, экономикалык өнүгүү, автоунаалардын жана башка транспорт каражаттарынын санынын өсүшү менен коштолуп, төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөргө көбүрөөк сокку урушууда.
ДССУнун жаңы талаптары
2021-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бир катар булгачтоочу заттар, анын ичинде майда бөлүкчөлөр (PM2.5) жана азот диоксиди (NO2) үчүн жаңы чектөөлөрдү белгилеген. Бул көрсөткүчтөрдү сактоо аркылуу миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бар.





