Кара-Балта шаарында КГТУнун техникалык институту иштеп жатат. Аталган окуу жайда миңден ашык студент билим алууда. президента Садыр Жапаровдун Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуусу учурунда илим, жогорку билим жана инновациялар министри студенттердин санын келечекте 2,5 миңге чейин көбөйтүүнү пландап жатканын билдирди.

Студенттердин саны

1 000+студенттин учурдагы саны
2 500пландалган студенттердин саны

Министрдин айтымында, институттун алкагында жаңы адистиктер ачылган. Алар газ, мунай, тоо кен, курулуш жана жол куруу тармактары үчүн адистерди даярдоого багытталган. Учурда окуу жай үч имаратты ээлеп турат.

Ранее по темеПрезидент: Мурда жеке менчикке өткөрүлгөн бардык автовокзалдар мамлекетке кайтарылып, Транспорт министрлигинин балансына өтөт

Мындан тышкары, шаарда Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи жана эки кесиптик лицей иштеп жатат. Буга чейин Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Айсулуу Жуматаева мамлекеттик жогорку окуу жайларынын филиалдардын тармагын кеңейтүүнү сунуштаган болчу.