Соттолгондор мебел чыгаруу цехтеринде иштеп, жакшы эмгек акы алышууда. Акматали Атабаевдин айтымында, бул каражаттар түз эле банктык карталарга которулуп турат.

Түзөтүү колонияларында мебелден тышкары башка өнүмдөрдү чыгаруу боюнча да цехтер түзүлгөн. Алардын ичинде нан, ак калпак жана башка товарлардын өндүрүшү бар.

Алгач биз кофе ичүүчү столдорду жасаганбыз, ал эми азыр Түркиянын же Италиянын өнүмдөрүнө окшош отургучтарды чыгарып жатабыз. Дүкөндөрдө жана базарларда эмне болсо, биз дагы ушуну өндүрөбүз.
№ 27 колониянын камактагылардын бири

№ 27 колониядагы жумушчулардын бири цехте болжол менен 30 адам иштеп жатканын белгиледи.