Кара-Балта шаарындагы Пальмиро Тольятти көчөсүнүн бир бөлүгүндө асфальттык жабдык ысыктан улам жумшарып, деформацияга учурады. Бул бөлүк нефтеперерабатываюучу «Джунда» заводунун жана көмүр сактоочу жайдын ортосунда жайгашкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, күндүн өтө жогорку температурасы жана оор жүк ташуучу унаалардын үзгүлтүксүз жүрүшү асфальттын бетинде унаа издери жана толкунчалар пайда болууга шарт түздү.

Мындан мурунку маалыматтарга ылайык, 2024-жылы Кара-Балтада 23,7 километр аралыктагы жолдор ременттенген. Алардын арасында Пальмиро Тольятти көчөсүнүн 2580 метрлик бөлүгү да бар.