Кара-Балта шаарындагы Балдар чыгармачылык үйүндө өзгөчө билим берүүгө муктаж балдар үчүн «Өзгөчө дүйнө» ийримдери ачылган. Бул долбоор аркылуу өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү бар балдар чыгармачылык менен алектенүүгө, жаңы нерселерди үйрөнүүгө жана башкалар менен баарлашууга шарт түзүүдө.
Номад ТВ каналынын маалыматына ылайык, бир нече айдын ичинде бул долбоордун алкагында болжол менен 30 окуучу бириктирилди. Ийримдин негизги максаты — балдардын курчап турган дүйнө менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана алардын социалдык көндүмдөрүн өстүрүү.







