Кара-Балта шаарында 33 гектар жер аянтында масштабдуу курулуш иштери жүрүүдө. «БайЭл Билдинг» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордо 60 блокко ээ болгон, 15 кабаттуу үйлөр калтырылат. Жаңы райондо мектеп жана бала бакча да курулат.
Комплекстин мүмкүнчүлүктөрү
Коммуникацияларды өткөрүү үчүн 3 метрдей кеңдиги жана 2 метрден 2,5 метрге чейинки тереңдиги бар траншея казуу пландалууда. Анын ичине диаметри 500 мм болгон эки түтүк салынат. Иштерди баштоо алдында ТЭЦ, суу канал, «Кыргызтелеком», РЭС сыяктуу кызматтар менен макулдашуу зарыл.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин айтымында, советтик мезгилден бери Кара-Балтада заманбап стандарттарга жооп берген көп кабаттуу үйлөр курулган эмес. Бул долбоор шаардын инфраструктурасын жаңы деңгээлге көтөрөт.
- 2025-февраль 21
«Кара-Балта Сити» долбоорунун курулушу башталды
- 2024-ноябрь 23
Инфраструктура жана жол коопсуздугу боюнча жумушчу жолугушуу өттү













