Бишкек шаар мэриясында кызматтык өзгөрүүлөр болгону тууралуу маалыматты мэриянын расмий каналы таратып койгон. Бул өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын «Жогорку мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесине жана кызматтык зарылчылыкка таянынып жүргүзүлгөн.
Бишкек шаар мэриясынын Транспорт жана жол-магистраль инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин орун басары Абдыжапаркул Мукашович Жанболотовго департаменттин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу тапшырылган.



















