Кант шаарындагы базардын ортосундагы аптекада окуя болду. 2026-жылдын 11-ноябрында белгисиз бир эркек дүкөнгө кирип, айрым товарларды алып, акысын төлөбөй чыгып кеткен. Бул тууралуу Turmush маалыматы билдирди.
Окуя учуру видеобайкоо камераларына түшкөн. Аптеканын администрациясы алган товарларды төлөө үчүн ал кишиге эки күндүн ичинде кайтып келүү боюнча өтүнүч жөнөтүштү.
Эгерде аталган жаран берилген мөөнөттө кайтып келбесе, видеожазулар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.









