Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, издөөдөгү жаран Испаниянын аймагынан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды. Ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда өлкөгө жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.
Тергөөнүн версиясына ылайык, А.А. жабырлануучуга ден соолугунун узак убакытка бузулушуна алып келген жаракаттарды келтирген. Кийин ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстандан чыгып кеткен.
Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигинен качып, чет өлкөдө жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо иштери улантыларын билдирди.
Учурда айыпталуучу тергөө абагында кармалып, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын күнөөсү сотто далилденүүгө тийиш.









