Кабар агенттиги билдиргендей, бейшемби күнү кечинде Телангана штатындагы Бетупалли көлүндө эки кайык оодарылып кетти. Көл жээктен ашып, айланасындагы аймактарды суу каптаган.
Куткаруу иштери учурунда оодарылган
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, куткаруучулар суу каптаган аймакта калган беш балыкчыны эвакуациялоого бет алышкан. Бирок катуу агымдан улам эки кайык тең оодарылып, андагы 11 куткаруучу дайынсыз болууда.
Окуя болгон көл Хайдарабад шаарынан 274 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан. Хайдарабад — Телангана штатынын административдик борбору.
Азырынча дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда. Кырсыктын так себеби иликтенүүдө.


















