Вьетнамда Фукуок аралынын жанында туристтерди ташыган катер айланып кетти. Катерде жалпы 36 адам болгон — алардын ичинен 32си индиялык туристтер жана 4 экипаж мүчөсү.

Кырсык 11-июль күнү Хон-Май-Рут-Нгоай аралынын 400 метр бөлүгүндө катталган. Катер экскурсиядан порт Антхойго кайтып бараткан учурда кырсыкка учурады.

Бул кырсыктан 15 адам каза болуп, алардын 13ү эркек, 2си аял. Каза болгондордун баарынын денеси табылып, жээгине чыгарылды. Аман калган 21 адам жабыркаган бойдон ооруканага жеткирилди.

Жерегедеги кемелердин жана гидроциклдердин ээлери биринчи болуп жардамга келишти. Андан кийин куткаруу ишине чек арачылар, полиция кызматкерлери, аскерлер жана жергиликтүү балыкчылар кошулду.

Куткаруу иштери катуу шамал жана деңиз толкундуулугу себептүү кыйынчылыктарга туш болду. Катер ичиндеги айрым жүргүнчүлөр жабык абалда калышкан.

Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, айрым туристтер Вьетнамга смартфон жана башка электроника өндүрүүчү компания тарабынан уюштурулган корпоративдик сапарга келген.

Вьетнам премьер-министри Ле Минь Хынг окуяны тез арада иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү аныктоого жана суу транспорту коопсуздугун текшерүүгө тапшырма берди.

Азырынча кырсыктын так себеби белгисиз жана иликтөө иштери уланууда.

Катердеги адамдардын саны

36жалпы адам
32турист
4экипаж мүчөсү