Ички иштер министрлиги Президент Садыр Жапаровго балдарын кайтарып алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган Аруу Эмилбекованын арызы боюнча текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында аял тарабынан айтылган дооматтар тастыкталган жок деп билдирди.

Буга чейинки жолугушууда Аруу Эмилбекова балдары менен жолуга албай жатканын айтып, аларды өзүнө кайтарып алууга жардам берүүнү суранган болчу. Бул жагдай боюнча укук коргоо органдарына атайын тапшырма берилген.

Министрликтин маалыматына ылайык, аялдын мурдагы жолдошу Б. Раматиллаев жубайлардын ажырашуусуна үй-бүлөлүк зомбулук үчүн эмес, аялдын уурулук жасагандыгы үчүн жоопко тартылган. 2022-жылы Жалал-Абад шаардык соту Аруу Эмилбекованы Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча эки уурулук фактысы үчүн күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алган.

Ошондой эле аял Instagram аркылуу мурдагы күйөөсү балдарга зомбулук көрсөтүп жатканын билдирген болчу. Бул боюнча балдарга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алардын денесинен жаракаттар табылган эмес. Балдар атасы, чоң атасы жана чоң энеси тарабынан зомбулук көрбөгөнүн айтышкан.

Мындан тышкары, ИИМ мурдагы күйөөсүнүн К. Ташиев менен туугандык байланышы бар экени тууралуу маалыматты да текшерип, мындай байланыш жок экенин аныктады. Учурда Аруу Эмилбекованын эки кызы тең 7-октябрдан бери апасы менен жашап жатат.