Торугарт контролдоо-өткөрүү пунктун күнү-түнү иштетүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызмат службынун төрагасы Улан Кимсанов «Биринчи радио» телеканалынын «Ачык кабинет» программасында билдирди.

СторисТоругарт пунктун 24 сааттык режимге өткөрүү маселеси каралуудаСлайддар: 5
  1. Торугарт пунктун 24 сааттык режимге өткөрүү маселеси каралууда
  2. Азыркы абал. Кыргыз тарап Торугарт пунктун суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштетип жатат. Кытай тарабы болсо күнүнө 14 саат гана иштейт.
  3. 14 саат — Кытай тарабынын күнүмдүк иш графиги
  4. Модернизациянын натыйжасы: Электрондук системалар киргизилди; Өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2 миң автоунаага чейин жетти
  5. «Азыр күнү күнү-түнү иштөө режимине өтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.» — Улан Кимсанов

Анын айтымында, кыргыз тарап пункттун ишин 24 сааттык режимде камсыз кылып жатат, бирок кытай тарап азырынча күнүнө 14 саат гана иштейт. Учурда эки тараптын ортосунда бул режимди толук кандуу 24 саатка өткөрүү боюнча макулдашуулар жүрүүдө.

Биздин тараптан биз жумасына 7 күн, суткасына 24 саат иштейбиз. Кытай тарабы Торугартта күн сайын 14 саат иштейт. Азыр күнү күнү-түнү иштөө режимине өтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Улан Кимсанов, Мамлекеттик бажы кызмат службынын төрагасы

Мурда, 2020-жылга чейин Кытай менен чек арадагы Торугарт жана Эркештам пункттары жумасына 5 күн гана, күнүнө 8 сааттан иштеген. Мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында иш убактысы акырындап кеңейтилет. Учурда Эркештам пункту күнү-түнү иштеп жатса, Торугартта кытай тарабынан 14 сааттык режим колдонулууда.

Иш графигин кеңейтүү жүк ташуучулар, импорттоочулар жана экспорттоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди. Ошондой эле Торугартта инфраструктура модернизацияланып, жүктарды тариздөө үчүн электрондук системалар киргизилди.

Өткөрүү жөндөмдүүлүгү

160суткадагы жүк ташуучу автоунаа (мурунку)
2 миңсуткадагы жүк ташуучу автоунаа (модернизациядан кийин)