26-ноябрда өткөн жолугушууда тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо сунушталды. Өзгөчө маданияттардын алмашуусун активдештирүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга басым жасалды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.














