Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министри Талантбек Солтобаев менен Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Леван Диасамидзенин ортосундагы жолугушуунун алкагында транспорттук кызматташтыкты активдештирүү маселелери каралды. Жолугушуу 26-ноябрда өттү.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, министр элчини иш далил каттарын алуусу менен куттуктап, кыргыз тарап өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Транзиттик потенциал жана жаңы коридорлор

Тараптар эки өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле CASCA+ жана «Орто коридор» багыттары боюнча жүк ташууларды өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна бурулду. Талантбек Солтобаев бул магистралдын стратегиялык маанилүүлүгүн белгилеп, анын иштеши Грузиянын порттук инфраструктурасын колдонуу менен Европа рынокторуна чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.

Ал эми Леван Диасамидзе эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен иштерди активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү жогору баалаган.

Мындан тышкары, жолугушууда транспорт тармагы боюнча эки тараптуу жумушчу топ түзүү маселеси каралды.