Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев «Кара-Суу» футбол клубунун президенти катары шайланды. Клубдун директору болуп Нурсултан Кадырбеков дайындалды.

Жаңы жетекчилик 28-июлда Кыргызстандын футбол союзу, жергиликтүү бийлик жана футбол коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын жолугушууда сунушталды.

«Кара-Суу» клубу 2026-жылдын башында түзүлгөн жана Кыргызстандын Улуттук лигасында ойнойт. Учурда команда «Б» группа боюнча турнирдик таблицада биринчи орунда турат.

Клубдун алдыдагы планында — өзүнүн машыгуу базасын куруу, инфратүзүмдү жакшыртуу жана команданын курамын күчөтүү бар. Максат — Кыргызстандын Жогорку лигасына чыкканга умтулуу.