GlobalPetrolPrices агенттиги 2026-жылдын 6-июлундагы маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда АИ-95 бензининин литри 1,342 АКШ долларын түзөт. Бул дүйнөлүк орточо баа 1,46 доллардан төмөн болгонуна карабастан, аймактагы мамлекеттер менен салыштырганда жогору деңгээлде турат.
Өзбекстан аймактагы кымбат бензинге ээ өлкөлөрдүн катарына кирет. Мисалы, Туркмөнстанда литрдин баасы 0,43 доллар, Бул дүйнө боюнча эң арзан бензиндин бааларынын бири.
- Азербайжанда - 0,676 доллар
- Казакстанда - 0,687 доллар
- Россияда - 0,940 доллар
- Кыргызстанда - 1,016 доллар











