Германиянын Ульм шаарында туруктуу турак жайы жок адамдарга жардам берүү үчүн оригиналдуу чечим иштелип чыкты. Ulmer Nest деп аталган долбоордун негизинде адамдарды төмөн температурадан жана жаман аба ырайынан убактылуу коргоочу атайын уйку капсулалары колдонулат.

Бул демилге 2019-жылы башталган. Ал негизинен салттуу түнөө жайларга барбай турган адамдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган. Алардын ичинде жалгыз калгысы келгендер жана үй жаныбарларын калтыргысы келбеген жарандар бар.

Капсулалардын конструкциясы бекем материалдардан, анын ичинде болот жана жылуулукту өткөрбөөчү элементтерден жасалган. Алар ичиндеги адамдарды шамалдан, жамгырдан, нымдуулукта жана катуу сууктан коргоого жардам берет.

Долбоордун өзгөчөлүгү — ичиндеги техникалык системаларды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн күн панелдерин колдонуу болуп саналат. Атайын датчиктер капсуланын ичиндеги температураны жана желдетүү шарттарын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Адам капсуланы ээлеп, аны ичинен жапса, система социалдык колдоо көрсөтүүчү жергиликтүү уюмга билдирүү жөнөтө алат. Кийинки күнү социалдык кызматкерлер капсуланын абалын текшерип, керектүү жардамды сунушташат жана турак жай алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат беришет.

Маанилүү жагдай: Ulmer Nest туруктуу жашоо үчүн каралбайт жана толук кандуу башпаналардын ордун баса албайт. Алардын негизги милдети — кошумча коргоо түзүү.