Баткен облусунун ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 12 жаңы кызматтык унаа берилди. Бул иш-чара өлкө боюнча кыргыз милициясынын 102 жылдыгына карата ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында өткөрүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда.
Жаңы техника инспекторлордун иш сапатын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет. Ошондой эле, бул унаалар жол кырсыктарынын алдын алууда жана жарандарга ыкчам кызмат көрсөтүүдө маанилүү ролду ойнойт.








