Бишкек шаарындагы Ала-Арча улуттук паркы жаратылышты коргоо аймагы болуп саналат. Ал жакта түнкү музыкалуу фестиваль өткөрүшүүнү пландап, анда DJ-сеттер, чоң масштабдуу жарык шоусу, вертолет шоу, фуд-корттор жана салют уюштурууну караштырган.

Жергиликтүү коомчулук жана социалдык тармактарда көпчүлүк бул демилгени сындап, мындай чоңдуктагы иш-чараны жаратылыш паркынын ичинде өткөрүү туура эмес экенин билдиришти. Алар парктагы жапайы жаныбарлардын жашоосу менен тынчтыгы сакталуусу керек деп эсептешет.

Мунун кесепетинен фестивалдын уюштуруучулары жарнаманы интернеттен алып салышты. Колдонуучулар арасында мындай иш-чараларды өткөрүүнүн ылайыктуу аянтчалары бар экендиги да белгиленди.

Ала-Арча улуттук паркындагы жапайы жаныбарларга зыян келтирбоо зарыл. Мындай масштабдуу фестивальдарды башка жерлерде өткөрүү керек.
Айрым коомчулук өкүлдөрү