Кыргызстанда азыр мамлекеттик жер тилкелерин чет элдик инвесторлорго 50 жылга чейин мөөнөткө колдонууга берүү сунушу коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат. Бул кадам улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында сунушталып жатат.
Талкуунун бир жагында бул аракет жердин сатылышы деп терс кабыл алынууда. Бирок өлкө жетекчилиги жердин ээлик укугу мамлекетте калаарын, ал эми инвесторлорго жерди убактылуу гана пайдалануу укугу берилерин баса белгилейт.
Эл аралык тажрыйба көрсөтүп жаткандай, жердин узак мөөнөттүү ижарасы инвестиция тартууда кеңири колдонулат. Бирок ижара мөөнөтү убакыт аралыгынан тыш, көп мамлекеттерде жердин колдонуу чектөө тармактары бар, мисалы, жердин багыты, көлөмү, инвестициянын көлөмү жана милдеттенмелерин аткаруу.
Кыргызстанда эмнелер өзгөрдү?
Кыргызстанда чет элдик жарандарга жана чет элдик юридикалык жактарга жер тилкелерин 50 жылга чейин мөөнөттүү ижарага берүү укугу мурдадан бар. Жер Кодекси да 50 жылга чейин мөөнөттүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Аталган мыйзам боюнча, чет өлкөлүктөр жердин ээси болбой, аны гана убактылуу пайдалана алат. Ижара мөөнөтү аяктагандан кийин келишим тараптардын макулдугу менен узартылышы мүмкүн.
Бул жерде негизги маселеге айланган нерсе – жер тилкелерин түз берүү ыкмасы, атап айтканда, сынак өткөрбөй гана берүү механизми болуп жатат.





