Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба тармагындагы соода-сатыкты кеңейтүү жана биргелешкен кайра иштетүү ишканаларын түзүү боюнча макулдашышты. Бул маселелер 11-ноябрда Ташкент шаарында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков менен Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмоновдун ортосундагы жолугушууда талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Өлкөбүздүн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларын Өзбекстандын тиешелүү реестрине тезирээк киргизүүнү сунуштады. Бул кадам кыргызстандык өндүрүүчүлөргө кошуна өлкөнүн рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Тараптар өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү, үрөнчүлүк, мал чарбасында заманбап технологияларды киргизүү жана тукум куюш иштерин жакшыртуу маселелерин да талкуулашты.
Акырсыз жеткирүү боюнча макулдашуулар аткарылды. Тараптар кыргызстандык картошканын Өзбекстанга үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылууга жана аны өстүрүү тажрыйбасын алмашууга макул болушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар агрардык чөйрөдө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.













