Президент Садыр Жапаров Москов районунун тургундары менен жолугушууда Эльмира Бечелованын сот ишине көзөмөл алууну жана аудиожазуу боюнча экспертизаны кайрадан текшерүүнү тапшырды. Бул маселе «Кыял» базары менен байланыштуу келип чыккан.
Эгерде бул чындыгында эле Эльмира Бечелованын үнү болбосо, анда аны актоо керек. Ишти адилеттүү карагыла.
Жолугушуу учурунда арыз айтуучу Эльмира Бечелова өзүнүн «Кыял» базарына тиешелүү аудиожазуунун негизинде соттолгонун, бирок андагы үн өзүнө таандык эмес экенин айтты. Ал иштин кайра каралышын суранган.
Бечелованын маалыматы боюнча, Жогорку сот жаңырып чыккан жагдайларга байланыштуу мурунку соттук чечимдерди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароого жөнөтүлгөн. Учурда иш Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Президент Башкы прокуратурага иштин жүрүшүн көзөмөлдөөнү, аудиожазуудагы үн менен арыз айтуучунун үнүн салыштырууну жана зарыл болсо кайрадан экспертиза жүргүзүүнү тапшырды.








