«Бишкекгаз» компаниясы өткөрүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу 21-июлдан 24-июлга чейин шаардын айрым райондорунда газ берүү убактылуу токтотулат.
Газ берүү токтотулган райондордун чектерин төмөнкү көчөлөр түзөт: БЧК, Фучика, Дорожная, Юбилейная, Ала-Арча дарыясынын жээги, Пригородная, Молодая Гвардия, Саадаева, Школьная, Садовый переулогу, Коллекторная, Новая, Киргизская жана Советский переулогу.
Өкүлдөр иш-чаралардын коопсуз жана туруктуу газ менен камсыздоону максат кылып жүргүзүлүп жатканын белгилеп, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурашат жана абоненттердин альтернативдүү энергия булактарын колдонууга өтүүсүн суранышат.










