Акыркы күндөрү социалдык тармактарда 17-ноябрда өлкөдө интернеттин өчүшү жана банктык эсептердеги акчалардын жок болушу мүмкүн деген кооптуу маалыматтар тарап жатат. Бирок бул дегендер жөн гана ушак экенин адистер тастыкташты.

Киберкоопсуздук боюнча эксперт Влад Ткачёв Nomad ТВ каналына берген маегинде бул маалыматтардын эч кандай негизи жок ойдон чыгарылган нерсе экенин айтты.

Ал банктык маалыматтардын коопсуздугу тууралуу толугураак маалымат берип, акчалардын жоголушу мүмкүн эмес экенин түшүндүрдү.