2027-жылы республикалык бюджеттен 158 дотациялык айыл өкмөтүн колдоо үчүн 18,2 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев кийинки жылга бюджеттин долбоору боюнча өткөн парламенттик угууларда билдирди.

Анын айтымында, каражат жергиликтүү бюджеттерге трансферт түрүндө берилет.

Мындан тышкары, дагы 1,2 миллиард сом теңдөөчү трансферт катары каралган. Алар жергиликтүү бюджеттердин кирешелери менен чыгашаларынын ортосундагы айырманы жабууга багытталат.

Эске салсак, 2023-жылдын аягында ошол кездеги министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров беш жылдын ичинде бардык айыл өкмөттөрү дотациялык көз карандылыктан чыгат деп убадалаган.

Бөлүнгөн каражаттар

18,2 млрдсом — дотациялык айыл өкмөттөрүнө
1,2 млрдсом — теңдөөчү трансферттер
158дотациялык айыл өкмөтү