Евразия экономикалык союзунун мүчө өлкөлөрүнүн укуктуу органдары тарабынан берилген лицензиялар улуттук биржалар тарабынан таанылат. Бул аркылуу брокерлер жана дилерлер баалуу кагаздарды жана туунду финансылык инструменттерди сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүү үчүн түз соодага катыша алышат.

Кыргызстандын тарабынан бул макулдашуунун ишке ашырылышына Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рынын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жооптуу болуп аныкталды.

Документке ылайык, бир өлкөнүн брокерин башка өлкөнүн биржасына киргизүүдө бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттар камсыз кылынышы керек. Макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификациядан өтөт.

Министрлер Кабинетинин корутундусунда бул чечимдин финансылык-экономикалык же башка терс кесепеттери болбойт деп белгиленди.