Дүйнөдө аскердик чыгымдардын болуп көрбөгөндөй көбөйүшү байкалууда. Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыков Минскидеги IV Евразиялык коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, окуялардын өнүгүшү дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын өсүп жаткан стратегиялык туруксуздук катары бааланган божомолдорун толук ырастап жатат.
Дүйнөлүк саясатта күч фактору олуттуу өсүүдө. Биз дүйнөдө аскердик чыгымдардын болуп көрбөгөндөй өскөнүн жана экономикалардын милитаризацияланышын белгилейбиз.
ЖККУ башчысы терс процесстер бир уюлдуу үстөмдүктөн эл аралык мамилелердин көп уюлдуу системасына объективдүү өтүү фонунда өнүгүп жатканын, бул глобалдык жана аймактык деңгээлдеги карама-каршылыктын күчөшү, эл аралык коопсуздуктун бардык чакырыктарынын жана коркунучтарынын курчушу менен коштолуп жатканын белгиледи.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын тез өнүгүшүн айрым мамлекеттер, ошондой эле кылмыштуу топтор эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү үчүн жигердүү колдонууда.
Континенттеги кырдаалдын татаал өнүгүшүнө байланыштуу жаңы принциптерге негизделген Евразиялык коопсуздук системасын түзүү зарылчылыгы келип чыгууда. Алардын арасында — коопсуздуктун бөлүнбөстүгү, кош стандарттарды четтетүү, бардык мамлекеттердин ар түрдүүлүгүн жана тең укуктуулугун сыйлоо, инклюзивдүүлүк, адилеттүүлүк, легитимдүүлүк, туруктуулук, бардык катышуучулардын биргелешкен салымы, эл аралык укук ченемдерин сактоо.
Масадыков Евразиялык коопсуздуктун жаңы архитектурасын курууда ЖККУнун ролу маанилүү экенин белгиледи.




















