Бүгүн, 13-октябрда, комитеттин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков 2027-жылга республикалык бюджеттин долбоорун кароонун алдында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө маселесин көтөрдү. Ал милиция кызматкерлеринин айлык акысын эсептөөдө транспорттук чыгымдар эске алынбаганына көңүл бурду.
Бул боюнча бизге көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Эгерде мамлекеттик кызматкерлер үчүн ай сайын 2 миң сом өлчөмүндө транспорттук үстөк каралган болсо, анда ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн мындай төлөм каралган эмес.
Өмүрзаков ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге ай сайын 5 миң сом азык-түлүк компенсациясы каралганын, ал эми ички иштер органдарынын кызматкерлерине болгону 2 170 сом төлөнөрүн белгиледи. «Айырма дээрлик үч миң сом», — деди ал.
Эгерде депутат айткан сумманы эске алсак, транспорттук үстөктүн жоктугу ар бир кызматкер үчүн жылына 24 миң сомго чейинки төлөмдөрдөгү айырманы билдирет.
Депутат жооптуу адамдарга мындай айырмачылыктын себептерин түшүндүрүүнү сунуштады жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.
Маселе 2027-жылга бюджеттик саясатты талкуулоодо көтөрүлдү. Финансы министрлигинин долбооруна ылайык, 2027-жылы республикалык бюджеттин чыгымдары 694,8 млрд сомду түзүшү керек.
Комитет бул маселени жабык эшик артында карап жатат. Ошондой эле Өмүрзаков бул маселе пленардык жыйында да талкууланарын кошумчалады, анткени укук коргоо органдарынын бюджет долбоору жабык режимде каралат.












