26-ноябрда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Дастан Бекешев өлкөдөгү санариптештирүү процессин тездетүү боюнча демилге көтөрдү. Анын айтымында, Кыргызстан санариптик технологиялар боюнча дагы деле артта калууда.

Депутат поликлиникалардагы кезектердин көптүгүнө токтолуп, медицина кызматкерлеринин документ толтурууга өтө көп убакыт коротуп жатканын белгиледи.

Дарыгер бейтапты 10 мүнөт карап, андан кийин дагы 20 мүнөт документ толтуруп отурат. Алардын баарында компьютерлер бар, ошондуктан дарыгердин айткандарын реалдуу убакыт режиминде жазып, текстке айландырып бере турган жасалма интеллектти киргизүүгө болот. Сервер Саламаттык сактоо министрлигинде болсун. Жасалма интеллекттин артыкчылыктарын колдонуу керек.
Дастан Бекешев

Бекешевдин сунушу боюнча, жасалма интеллект микрофон аркылуу дарыгердин сөзүн автоматтык түрдө текстке айландырып, маалыматтарды сактап калат. Бул медициналык кызматкерлердин документтерге кеткен убактысын кыскартат.

Ошондой эле Билим берүү тармагындагы көйгөйлөр айтылды. Мугалимдер календардык жана жылдык пландарды басып чыгарып, кол коюу менен алектенип жатышат. Депутат бул практиканы жоюуну жана мугалимдердин документ толтуруу эмес, окутуу менен алектенүүсү керектигин баса белгиледи.

Жогорку Кенештин спикери Марлен Маматалиев парламенттин санариптештирүү боюнча дүйнөдөгү алгачкы беш парламенттин бирине киргенин билдирди. Ал ар бир министрлик бул багытта иш алып барып жатканын кошумчалады.