Жыйында Мавлянова жашоочулардын киоскторду демонтаждоо боюнча кайрылуусун айтып берди. Анын айтымында, улгайган адамдар мындай жайлардан азык-түлүктү насыяга алышат, супермаркеттерге чейин баруу аларга оор. Депутат бул чечимди туура эмес деп эсептеп, киосктор үчүн бирдей үлгүдөгү долбоорду иштеп чыгууну суранды.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев бул маселени карай турганын айтты. Андан соң Мавлянова Ноокат районундагы Көк-Жар ооруканасы жөнүндө сурады. Министрдин жообуна караганда, ал көптөн бери бүтпөй келе жаткан курулуш болчу, учурда иштер уланып, объект жыл аягына чейин пайдаланууга берилет.
Депутат Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүнүн курулушу тууралуу да сурады. Орунтаев алар бул маселени карап, 2027-жылга титулдук тизмеге киргизүүгө аракет кыларын билдирди.
Бишкектин жол долбоору сынга кабылды
Мавлянова Бишкек шаарынын жол долбоорун туура эмес деп сыпаттады. Анын айтымында, бордюрларды орнотуудан улам чөнтөк унаа токтотуучу жайлар жабылып, натыйжада чакан бизнес жабылууда жана тыгындар көбөйүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары министри Эрлист Акунбеков унаа токтотуучу жайлар тыгындарды азайтуу, кыймылды бир агым менен уюштуруу үчүн жабылып жатканын айтты. Бирок Мавлянова тескерисинче болгонун белгиледи.
Элди уккула. Кабинетте бир чечим, элде башка. Силер айдоочулар менен барасыңар, ал эми адамдар жөө. Же өзүңөр машина айдайсыңарбы? — деп сурады депутат.













