Депутат Рахат Жунушбаева шаар тургундарынан, Орок айылынын жана Боз-болток тоосунун айланасындагы калктуу конуштардын жашоочуларынан смогго байланыштуу даттануулар келип түшкөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул абдан олуттуу жана актуалдуу көйгөй, өз убагында чечүүнү талап кылат.

Жунушбаеванын маалыматы боюнча, 2024-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги текшерүү жүргүзүп, беш ишкананын экологиялык мыйзамдарды бузуп иштегенин аныктаган. Ал эми 2025-жылдын апрель айында дагы бир текшерүү болгон, бирок анын жыйынтыгы жана кырдаалдын өзгөрүшү белгисиз бойдон калууда.

Шаардагы жана анын айланасындагы смогдун абалына заводдордун иштеши, транспорт, көмүр менен жылытуу сыяктуу көптөгөн факторлор таасир этет.
Рахат Жунушбаева, Жогорку Кеңештин депутаты

Депутат лабораториялык изилдөөлөрдүн, ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары ачык жарыяланышы жана смогду азайтуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканы тууралуу маалымат берилиши үчүн протоколдук тапшырма берүү зарылдыгын баса белгиледи.