Жогорку Кенештин пленардык жыйынында депутат Махабат Мавлянова 2027-жылга каралган айыл чарбасын арзан насыялоо долбоорунун алкагында аял фермерлерге атайын мамлекеттик программа менен 1 миллиард сом багыттоону сунуштады.

Депутаттын маалыматы боюнча, 2027-жылы айыл чарба тармагын арзан насыялоого болжол менен 20–20,5 миллиард сом каралууда.

Аялдардын айыл чарбадагы көрсөткүчтөрү

46%аялдардын айыл чарбадагы үлүшү
18,5%жер участокторуна ээлик кылуу
29%кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу
2,4%жайлоо комитеттериндеги аялдар
2,2%суу пайдалануучулар ассоциациясынын директорлору
27%предпринимателдердин арасындагы үлүш

Мавлянова учурдагы мамлекеттик программа боюнча насыялардын чендеми 12%дан 16%га чейин экенин белгиледи. Ал эми аялдар үчүн кепилдик (залог) жоктугу жана аталган чендердин ашыкча жогорулугу насыя алууну кыйындатып жатат.

Депутат 2027–2030-жылдарга карата аялдарды колдоо боюнча жаңы мамлекеттик программа иштеп чыгууну сунуштады. Ошондой эле, мамлекеттик агардык насыялардын кеминде 30%ын бакчачылыкка, жылытка курууга, мал чарбачылыкка жана продукцияны кайра иштетүүгө багыттоо зарыл экенин айтты.