Жогорку Кенештин бүгүнкү (25-ноябрь) жыйынында депутат Махабат Мавлянова аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрдү. Ал Найроби шаарында (Кения) өткөн ачкачылык жана толук эмес тамактануу менен күрөшүү боюнча үчүнчү глобалдык парламенттик саммиттин ишине катышканын белгиледи.

Саммит учурунда социалдык теңсиздикти азайтуу, майда фермердик жана үй чарбаларын колдоо, ошондой эле аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Ушуга байланыштуу, депутат аял-фермерлердин укуктарын коргоо жана аларды мамлекеттик деңгээлде системалуу түрдө колдоо зарыл экенин баса белгиледи.

Мавлянованын айтымында, өзгөчө социалдык жактан аялуу катмардагы аялдар жеңилдетилген кредит алууга жана башка мамлекеттик колдоо куралдарына артыкчылыктуу мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек. Ал аял-фермерлерге жылдык 2–3 пайыз менен жеңилдетилген кредиттерди берүүнү карап чыгууну сунуштады.

Аялдардын экономикалык көрсөткүчтөрү

18,5%аялдардын жерге ээлик кылуу деңгээли
29%кызмат мүлккө ээлик кылуу деңгээли
27%ишкерлердин арасындагы аялдардын үлүшү

Депутат аялдардын залогдук камсыздоосу жетишсиз болгон учурларда, кепилдиктерди берүү үчүн Кепилдик фондунун катышуусу зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле, аял-фермерлер үчүн айыл чарбалык лизингге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана процедураларды жөнөкөйлөтүү сунушталды.

Махабат Мавлянова 2027-жылы айыл чарбасын жеңилдетилген каржылоого каралган 20 миллиард сомдун ичинен 1 миллиард сомун аял-фермерлердин кредиттерине бөлүп берүүнү сунуштады. Мындан тышкары, аялдарды колдоо программасын иштеп чыгуу, кредиттик ставкаларды 2-3 пайызга чейин түшүрүү, төлөө үчүн жеңилдетилген мөөнөттөрдү белгилөө жана алардын юридикалык көмөк көрсөтүү зарылчылыгы айтылды.

Бул көрсөткүчтөр аялдар экономикага активдүү катышып жатканына карабастан, жерге, ресурстарга жана каржылоого жеткиликтүүлүк боюнча кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтып турат.
Махабат Мавлянова