Баткен облусунун Кадамжай районунда 15 жаштагы өспүрүм изделип жүргөн учурда анын сөөгү табылды. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Өспүрүм 2011-жылы туулган, Алга айылынын тургуну болчу. Ал 12-июлда үйүнөн ата-энесинин автоунаасын алып чыгып кеткен соң байланышка чыкпай калган.
13-июлда кечинде Таш-Булак аттуу жайыттан анын сөөгү табылган. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү иштерди жүргүзгөн.
Учурда алдын ала маалыматтар боюнча баланын өзүн-өзү каза кылганы болжолдонуп жатат. Бул боюнча сот-медициналык экспертиза дайындалган.
Ички иштер органдары окуянын чоо-жайын жана себептерин тактоо үчүн тергөө иштерин улантууда.















