Иссык-Кулдөгү Кыргызстандагы алгачкы лавандалык багында дизайнер Бактыгүл Жусубалиеванын JERDEN аттуу коллекциясынын модалык бет ачаары уюштурулду.

Коллекциянын аты «Тектен» дегенди билдирет жана ал адам менен жердин, табияттын жана улуттук мурастын байланышын чагылдырат. Бул долбоор табиятан келип чыккан формаларга, түстөргө жана орнаменттерге негизделген кереметтүү дизайндар тууралуу.

Көрүүчүлөр жана коноктор бул модалык иш-чаранын уюштурулушун жогору баалашты. Ысык-Кулдун кооз айлана-чөйрөсү, лаванда гүлүнүн жыттары жана заманбап кыргыз модасынын айкалышы өзгөчө таасир берип, өзгөчө атмосфера түздү.

Иш-чарадан кийин социалдык тармактарда бул лавандалык багдын Иссык-Кул облусу үчүн өзгөчө жана маанилүү объект катары сакталышы жана маданий, туристтик долбоорлор үчүн жай катары өнүгүшү керек деген демилгелер айтылды.