БУУнун Башкы Ассамблеясы 24-июлда "2028-жыл Эл аралык укук жылы" резолюциясын кабыл алганын Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул демилгени Түркмөнстан көтөргөн.
Документтин долбоорун сунуштап жатып, түркмөн тарап терең глобалдык өзгөрүүлөр шартында эл аралык укукту сыйлоону бекемдөө эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, ошондой эле натыйжалуу көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн зарыл шарт экенин баса белгиледи.
Жалпысынан 78 мамлекет бул резолюциянын авторлорунун катарына кирген.


