Күнүмдүк турмушта колдонулуучу көптөгөн буюмдарда организмдин гормоналдык системасынын ишин бузуучу химиялык заттар бар экени аныкталды. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) айтымында, бул заттар адамдын ден соолугуна жана курчап турган чөйрөгө барган сайын чоң коркунуч келтирүүдө.
Бул кооптуу химиялык заттар тамак-аш таңгактарында, косметикада, оюнчуктарда, кийимдерде жана дары-дармектерде кездешиши мүмкүн. Алардын таасири бала төрөлгөндө эле башталышы мүмкүн, анткени алар пуповина кандысында жана эне сүтүндө да табылууда.
Баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири
Бул заттардын баланын өнүгүүсүнө, мээсинин иштешине, боюнун өсүшүнө жана репродуктивдик ден соолугуна узак мөөнөттүү терс таасирин тийгизиши ыктымал. БУУнун Экология боюнча программасы (ЮНЕП) жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) бул маселе боюнча эл аралык деңгээлде тез арада иш-аракеттерди көрөтүүгө чакырышат.
Бул заттардын өзгөчө коркунучу — алар адамдарда жана жапайы жаныбарларда өнүгүүдөн тартып, зат алмашуу жана жүрүм-турум сыяктуу көптөгөн маанилүү функцияларды жөнгө салуучу гормондордун ишин бузушу мүмкүн. Бул таасирлер узак мөөнөттүү, ал эми кээ бир учурларда кайтарылгыс болушу ыктымал.
Азыркы учурда бул заттардын таралышын жөнгө салуучу эрежелер жетишсиз жана чачыранды болуп саналат. Адистер өндүрүүчүлөргө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн химиялык компоненттерди тандоодо жоопкерчиликтүү болууну сунушташат.





