Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттик миссиясы Кыргызстанга келди. Бул иш-чара калктын радиациялык корголушун жогорулатуу, экологиялык мониторинг жүргүзүү жана ядролук медицина менен коопсуздук инфраструктурасын модернизациялоо максатында жүргүзүлүүдө.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин билдирүүсүнө караганда, миссия техникалык кызматташтык алкагында ишке ашырылууда. Делегациянын курамына МАГАТЭдин өкүлдөрү жана эксперттери — Кармина Э. Хименес, Сандра Фот, Ольга Макаровская жана Татьяна Лаврова киришет.

Миссиянын негизги максаттары

Адистердин келген максаты — өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун учурдагы потенциалын баалоо, колдонуудагы долбоорлордун (KIG9009 жана KIG9010) иш пландарын жаңылоо жана радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө жаңы демилгелердин дизайнын иштеп чыгуу.

Иштин багыттары

Эксперттердин иши бир нече негизги багыттарды камтыйт:

  • Ченейлөө базасын өркүндөтүү: Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу жөнгө салуучу орган менен жумушчу кеңешмелер өткөрүлөт. Тараптар МАГАТЭнин коопсуздук боюнча сунуштарын республиканын мыйзамдарына жана ченемдик актыларына шайкеш келтирүүнү талкуулашат.
  • Радиациялык мониторинг системасын өнүктүрүү: Адистер Гидрометеорологиялык кызметтин, Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү департаменттеринин жана Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, кадрдык потенциалын жана лабораторияларды камсыздоо муктаждыктарын изилдешет.