Бишкекте Лев Толстой менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде окуя болгон. Аталган жерден өтүп бара жаткан жубайларга скутер айдап бара жаткан курьер жол берген эмес. Бул учурда эркектин эскертүүсү курьерди ачууландырып, ал эркекке кол салган. Аялы күйөөсүн коргоо максатында ортолоруна турганда, курьер аны да сабап кеткен. Окуядан кийин күнөөлүү адам скутерине отуруп, эч нерсе болбогондой кетип калган.
Бишкекте курьер аял кишини сабап кетти: социалдык тармактарда күнөөлүү адамды табууну суранып жатышат
Бишкек шаарында пешеходдук өтмөктө скутер айдап бара жаткан курьер жубайлардын үстүнө жүгүрүп, аял кишини сабап кеткен. Бул окуя тууралуу блогер Кемел Мекен социалдык тармактарда маалымат берип, укук коргоо органдарына күнөөлүү адамды таап, жазалоону сунуштады.

Сүрөт: 24.kg









