Tazabek басылмасынын маалыматына ылайык, "Бишкектеплоэнерго" 24-июлда мамлекеттик компаниялардын сатып алуулар порталы аркылуу 1950 тонна көмүр сатып алуу үчүн 13,5 миллион сомго бааланган сынак жарыялаган.
Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 31-июлга чейин кабыл алынат. Белгиленген сумма бир тонна көмүрдүн баасы 6900 сомго туура келет.
Ишканага катмарлуу от жагуучу мештер үчүн күрөң көмүр керектелет. Техникалык спецификацияга ылайык, көмүр Бишкектеги ишкананын отканаларына жеткирилет жана керектүү учурда ташылып турат.
2025-жылга карата "Бишкектеплоэнерго" ишканасынын курамында 114 откана болгон.



