Город Бишкектин Ички иштер башкармалыгы тарабынан быйылкы жылдын башынан бери 450дөн ашык чет элдик жарандар мыйзам бузууларга байланыштуу өлкөдөн чыгарылды.
Мындан сырткары, 8 миңге жакын адамга жалпы суммасы 65 миллион сомдон ашык айып пул салынды, ал эми 39 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Чет өлкөлүктөрдү жумушка алган бир катар компаниялар да айып пул төлөгөнү белгилүү болду.
Жакында милиция 12 курулуш фирмаларында профилактикалык иш-чараларды өткөрүп, ал жерде негизинен кытай жарандарынын 1500дөн ашууну эмгектенип жаткандыгы маалым болду.
Ошондой эле, аларга өлкөдө жүрүү эрежелери, жергиликтүү салттар жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




