Бишкекте жол кырсыгы болуп, унаа менен пешеходдун катышуусу катталды. Милициянын маалыматы боюнча, 1994-жылы туулган Ж. уулу Н. аттуу айдоочу Kia K7 унаасы менен Абдымомунов көчөсүндө түндүк багытында жүрүп бара жатып, 405-үйдүн тушунда мыйзамсыз жерден жолду кесип өтүп жаткан аялды уруп кетти.
Учурда аталган окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.










