Бишкек шаарында Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун асфальты чүкүр болуп түшүп кетти. Бул окуя социалдык тармактарда видео менен жайылып, жарандардын көңүлүн тартууда.

«Короче, KG» медиасынын маалыматы боюнча, асфальттын чүкүр болуп түшүшүнө жаандан кийинки аба ырайы себеп болгон. Жолдун астындагы «Бишкексуукана» ишканасынын эски түтүктөрү агып кеткендиктен, жер астындагы топурак чөккөн. Бул кырсыктын кесепетинен эки унааны чүкүрлүктөн чыгарып алууга туура келген.

Учурда бийлик өкүлдөрү бул маселени эртең эле чечип, жолду оңдоп берүүнү убада кылышууда.